Тышкы иштер министрлиги Кытайдын виза саясаты боюнча маалымат берди

  • 1 год мурун

Тышкы иштер министрлиги Кытайдын виза саясаты боюнча маалымат берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-мартына чейин алынган жана мөөнөтү аяктай элек визалар кайрадан жарактуу болуп эсептелет. Кытайдын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрү визанын бардык категориялары боюнча ишин уланта баштай турганы белгиленди.

Министрлик айдоочулар үчүн виза алыш үчүн электрондук кезекке жазылууга орундарды көбөйтүү маселеси боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдиришти.

Тышкы иштер министрлиги ортомчулук кызматтарды жана көмөк көрсөтүүчү түзүмдөрдүн же айрым адамдардын мыйзамсыз иштери жөнүндө маалыматтар болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты