Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын орус-украин чек арасындагы аймактарга барбай турууга чакырды

  • 1 год мурун

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын орус-украин чек арасындагы аймактарга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу билдирүүнү аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда бул аймактарда жашаган кыргызстандыктарды этият болууга чакырылган. Коопсуздук чараларын сактоого жана зарылчылык болсо Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен байланышуу керектиги жазылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин ыкчам телефон номурлары: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.

Евгений Пригожин түнкү саат 1:00гө жакын анын колоннасы Ростов-на-Дону аймагына киргенин билдирген. Пригожиндин айтымында, чек арачылар жана аскерде кызмат өтөгөндөр ага тоскоол болгон эмес.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети тарабынан Евгений Пригожинге кылмыш ишин козголду. Ага “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козголду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты