Тышкы иштер министри менен ШКУнун башкы катчысы чек арадагы абалды талкуулашты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ШКУнун башкы катчысы Чжан Минг менен телефон аркылуу сүйлөштүБул тууралуу аталаган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды талкуулашты. Чек арадагы абал боюнча акыркы маалыматтар эл аралык уюмдун жетекчисине жеткирилди. Ошону менен бирге кыргыз тарап кризисти эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн саясий жана дипломатиялык жол менен тынчтык жолу менен чечүү боюнча өзгөрүүсүз позициясын билдирди.

ШКУнун Башкы катчысы каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарына, жайкын тургундарга жана жабыркагандарга көңүл айтып, ошондой эле эки коңшу мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты