Тышкы иштер министри “Борбордук Азия-Корея” кызматташтык форумуна катышат

  • 9 месяцев мурун

1-ноябрда Ашхабад шаарында Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде “Борбордук Азия-Корея Республикасы” 16-кызматташтык форумун өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз тараптан делегацияны Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектейт.

Алдыдагы форумдун күн тартибинде логистика, саламаттыкты сактоо, экология, санариптештирүү, туризм жана билим берүү боюнча панелдик сессиялар өтөт. Бул багыттар боюнча Кыргызстан Корея менен эки тараптуу негизде да, Форумдун алкагында да жемиштүү иш алып барууда.

Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан форумдун алдыдагы жыйынына даярдык көрүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп, гибрид форматында баяндамалар жана презентациялар пландаштырылган.

Форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуулар да пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты