Тууну өзгөртүүгө каршы активист: «Мени УКМКга алып кетти»
- 10 месяцев мурун
Жарандык активист Афтандил Жоробеков аны УКМКга алып кеткенин Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Буга чейин ал 9-декабрда мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө каршы чогулуш өтөрүн жазган.
«Октябрь РИИБинен чыксам, мени УКМКга алып кетти. Кызыгы эми башталды», — деп жазды ал.
Бул боюнча УКМК азырынча комментарий бере элек.
Эске салсак, 29-ноябрда Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.
Муну бөлүшүү