Туризмди өнүктүрүү фондунун директору  Елена Калашникова эки айга камакка алынды

  • 1 год мурун

Коррупцияга шектелип кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-майда кабыл алганын «Азаттык» радиосу жазды.

Маалыматка ылайык, Калашникова 22-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу тергөө абагында кармалат. Муну менен кошо соттун чечими менен анын орун басары Александр Валитов дагы ушул мөөнөткө чейин камакта болот.

УКМК өкмөт түзгөн Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары «коррупцияга» шек саналып камалганын 18-майда билдирген. Анда «ири өлчөмдөгү мамлекеттин акчасы негизсиз коротулганы аныкталды» деп жазылган.

Атайын кызмат уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз жок кылынганын, максатсыз коротулганын, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты