Турак жайлар мамлекетке кайтарылып, 594 млн сомго жакын зыяндын орду толтурулду

  • 9 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен бирге жер участокторун пайдаланууга мыйзамсыз берүү жана ижарачылар тарабынан жерди пайдалануу шарттарын сактабаган фактылар аныкталып, аларга бир катар кылмыш иштери козголду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «И.М.С.» ЖЧКсына жана А.Э.Т. аттуу жаранына убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкелери берилгени аныкталды.

Жер участогун берүү шарттарына ылайык, аталган компания берилген аймакты көп кабаттуу үйлөр менен өздөштүрүшү керек болчу жана негизги шарттардын бири курулган батирлердин 10% муниципалдык менчикке берүү болгон. Бирок бул шарттар аткарылган эмес.

Мэрияга алынган батирлер социалдык маселелерди чечүүгө жана өзгөчө муктаж болгон калктын аялуу катмарын турак-жай менен камсыз кылууга жумшалышы керек болчу. Көрүлгөн чараларды, жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана турак жай эмес жайлар муниципалдык менчикке өткөн 505 миллион сом суммасында жана 88,9 миллион сом мамлекетке кайтарылган. Толтурулган зыяндын жалпы суммасы 593,9 млн сомду түздү.

Башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу иштери улантылып жатканы айтылды.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты