Туманга байланыштуу айдоочуларга эскертүү

  • 6 месяцев мурун

Аба ырайы кескин өзгөрүп, коюу туман каптап жаткандыгына байланыштуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы (ЖКККББ) айдоочуларга кайрылып, аларды жолдо сак болууга чакырды.

ЖКККББ айдоочуларды төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырат:

— жолдордун тайгактыгын же кечкисин жол тыгыны пайда болушун эске алып, бара турган жериңизди пландоо менен жолго 20-30 мүнөт эртерээк чыгыңыз;

— унааңызды жүргүзүү учурунда кышкы дөңгөлөгүнө, кыймылдаткыч майына, терезе арчыгычтардын иштөөсүнө жана жалпы техникалык абалына көңүл буруңуз;ж

— жолдо жүрүү учурунда ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;

— алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактаңыз;

— ашып өтүүдө же маневр жасоо учурларында карама-каршы багыттагы келе жаткан унаага көңүл буруу менен шашылбай чыгыңыз;

— алыскы жолго чыга турган болсоңуз сөсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну унутпаңыз.

Ошондой эле, аталган башкармалык жолдордогу мындай катаал кырдаал 3-4 күнгө чейин уланарын эскертип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону эскертти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты