Туманбаев Ала-Арча паркында конок үйлөрдү куруу пландалып жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Быйыл Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында конок үйлөрдү куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал өткөн жылы парктын жолу оңдолуп, жарыктандыруу иштерине аягына чыгарылганын белгилеп, бул жылы конок үйлөрдү куруу максат кылынып жатканын билдирди.

«Улуттук Ала-Арча жаратылыш паркы жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тосуп алып, кооздугу менен суктандырат. Эс алууга, жакындарыңыздар менен сейилдеп келүүгө абдан ыңгайлуу, коопсуз жана шаардан алыс эмес. Сиздерди жагымдуу убакыт өткөрүп кетүүгө чакырабыз. Өткөн жылы жолун оңдоп, жарыктандыруу иштерин аягына чыгардык. Бул жылы конок үйлөрдү курууну, мекенибизге келген меймандарыбызга шарт түзүүнү максат кылып жатабыз», — деди Туманбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты