Туйгуналы Абдраимов 30-июнга чейин камакта калтырылды
- 2 года мурун
Туйгуналы Абдраимов 30-июнга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу ЖМКлар Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматына таянып жазышты.
Маалыматка ылайык, ал 30-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
УКМКнын маалыматы боюнча, Туйгуналы Абдраимов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналууда.
БШК төрагасы болуп турган учурунда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагында “Кайнар” компаниясына таштанды полигону үчүн 11,2 гектар жерди акысыз мыйзамсыз берүүгө айыл өкмөттөгүлөрдү мажбурлаганы боюнча кине коюлууда. Ал эми Абдраимовго аталган компаниядан 95 % үлүш тиешелүү болгон.
“Кайнар” бардык экологиялык-санитардык талаптарды аткарууга милдеттүү болгон. Келишимге ылайык, Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан баштап жылына 250 миң сомду таштанды утилизациясы үчүн төлөп турган. Бирок “Кайнар” компаниясы таштандыны утилизациялоо талаптарын аткарбагандыгы, таштандыны топтой бергендиги белгиленди.
Туйгуналы Абдраимов УКМК убактылуу кармоо жайына камалганы айтылды.