Транспорт жана коммуникациялар министри дайындалды

  • 2 недели мурун

Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров 5-сентябрда кол койду.

Абсаттар Сыргабаев 2016-2020-жылдары Сузак районунун Барпы айыл аймагынын башчысы болгон. 2020-2021-жылдары — Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2021-жылы президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалган эле.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты