Транспорт, турак жай жана жер салыгынын суммасын эсептөө боюнча онлайн калькулятор жаңыртылды

  • 2 года мурун

Транспорт, турак жай жана жер салыгынын суммасын эсептөө боюнча онлайн калькулятор жаңыртылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражатына, турак жайга жана жер участогуна салыктын суммасын эсептөө боюнча Calculator.salyk.kg калькуляторду жаңыртып, Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык келтирди.

Транспорт жана кыймылсыз мүлк ээлери электрондук калькуляторду колдонуп, салыктын суммасын өз алдынча эсептей алышат.

Calculator.salyk.kg сайтынан керектүү шилтемени ачып, мүлк боюнча тиешелүү маалыматтарды киргизүү жана андан соң «салыкты эсептөө» баскычын басуу зарыл. Программа автоматтык түрдө төлөнө турган салыктын суммасын берет.

Эгерде салык төлөөчү төлөнө турган салыктын суммасын өз алдынча эсептөөдө кыйынчылыкка туш болсо, анда ал жергиликтүү салык органына кайрылып, толук маалымат ала алат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин маалыматтык эсеп берип, төмөнкүлөрдү төлөө зарыл:

— транспорт каражатына салык,

— турак жай имаратына, курулмага жана жайга салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

– үй алдындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты