Транспорт министрлиги жол акысы киргизиле турган жолдорду атады

  • 2 года мурун

Чүй облусундагы айланма жол акы төлөнө турган жол болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын жыйынында транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жолдо алгач реконструкция иштери жүрөт. Ал үчүн 150 миллион доллар керектелет. Эл аралык стандартка ылайык келтирилгенден кийин акы алына баштайт.

«105 чакырым жолдо реконструкция иштери жүрөт. «Дордой» базарынын айланасында тыгын көп экенин билесиздер, ошол жакка алты тилкелүү жол салууну пландап жатабыз. Калган бөлүктөрү төрт тилкелүү болот. Айланма жол убагында октук басымда 10 тоннага ылайыкталып жасалган, азыр аны 11 тоннага ылайыкташтырабыз. Азыр инвестор издеп жатабыз», — деди Кайыңбаев.

Мындан тышкары ал Өзгөн шаарындагы айланма жолго, жаңы салынып жаткан Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун туннели жана эстакадалык көпүрөсүнө дагы акы киргизилерин билдирди.

Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдорду куруу пландалып жатканы буга чейин дагы айтылган. Министрликтин маалыматына караганда, Бишкек-Кара-Балта-Чалдыбар жолу да акылуу болот. Анын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жүргүзүлөт. Жолдун болжолдуу баасы 300-500 миллион доллар болору айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты