Транспорт министрлиги: Ашууларда жол ачык
- 2 года мурун
Бүгүн, 12-декабрга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Муну бөлүшүү




