Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

  • 10 месяцев мурун

Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруунун бирдиктүү тартибин, ошондой эле квалификациялык сынактарды кабыл алуунун, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү тартибин ишке киргизүү максатында даярдалды. Докумнетке ылайык, анын милдети — жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу кабыл алуу процессин жарандар үчүн жакшыртуу жана жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү болуп эсептелет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты