Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттиктин адиси кармалды

  • 3 месяца мурун

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жол кыймылынын эрежелерине теориялык жана практикалык сынактарды ийгиликтүү тапшыргандыгы үчүн жарандардан акча каражаттарын алуу максатында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин (мурда «Унаа») айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери коррупциялык схеманы уюштуруп, жарандык ортомчуларды тартуу аркылуу текшерүүдөн өтүп жаткан адамдар менен алдын ала байланыш түзүп, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жол эрежесинин сынактарын “ийгиликтүү” тапшырганы үчүн акча талап кылышкан.
Видео көзөмөл аркылуу уюштурулган иш-чаралардын алкагында сынакты “ийгиликтүү тапшыруусу” үчүн жарандардан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси Б.М. тарабынан 50 миң сомдон акча каражаты системалуу түрдө алынганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 15-апрелинде Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты