Transparency International «чет өлкөлүк өкүл» мыйзамын кабыл албоого чакырды

  • 2 месяца мурун

Transparency International эл аралык уюму Кыргызстандын парламентин бейөкмөт уюмдарга «чет өлкөлүк өкүл» деген макам берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Уюмдун сайтындагы билдирүүдө «чет өлкөлүк өкүл» мыйзамы өлкөдө ансыз да кысымга кабылган жарандык коомду, бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөгө алып келери айтылат.

Уюм сунушталган мыйзам долбоору кыргыз бийлигинин адам укугу, сөз эркиндигине кысым көрсөтүү тендециясынын күчөтүп жатышынын бир бөлүгү катары кабыл алынарын белгилеген. Буга белгилүү активисттердин, журналисттердин камакка алынышын мисал келтирген.

Уюмдун Борбор Азия жана Чыгыш Европа боюнча регионалдык кеңешчиси Алтынай Мырзабекова Кыргызстан бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорун чакырытып алуу керек экенин айтты:

«Сунушталып жаткан мыйзам Кыргызстандын адам укугу боюнча эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келбейт. Эл аралык коомчулуктун сын пикирине карабастан өлкөнүн чечим кабыл алуучу өкүлдөрү коркунучтуу программаны киргизүүгө аракет кылып жатат. Бул документ жарандык коомго коркунуч туудурат, ошондуктан кабыл алынбашы керек»деди Мырзабекова.

22-февралда Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбооруна 64 депутат «макул» деп добуш берсе, 5 эл өкүлү «каршы» болду. Каршы добуш берген депутаттар Дастан Бекешев, Чыңгыз Айдарбеков, Сеидбек Атамбаев, Эрулан Көкүлов жана Элвира Сурабалдиева.

25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Надира Нарматова “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоорун алып чыгып, биринчи окууда жактырылган. 

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты