Трампты атууга шектүүнүн аты аталды

АКШнын мурдагы президенти Тональд Трампты атууга шектүү кишинин аты аталды. Ал — 20 жаштагы Томас Мэттью Крукс. Бул тууралуу The Washington Post ФБРге шилтеме берип билдирди.

Маалыматта 13-июлда Пенсильвания штатындагы Батлер шаарында Трамптын шайлоо алдындагы митинги өтүп жаткан жерде Крукс ок чыгарылгандыгы айтылат.  Крукс окту митингдин өтүп жаткан жерден болжол менен 100 метр алыстагы үйдүн чатырынан,  AR-15 жарым автоматтык мылтыгынан чыгарган.

Ок митингдин эки катышуучусун мерт кетирген. Ок Дональд Трамптын кулагынын өйдө жагына тийген.

Трамптын кампаниясы анын ден соолугу жайында экенин билдирүүдө.  

АКШнын экс-президентин атууга шектүү жашыруун кызматы тарабынан атылган. ФБРдин маалыматы боюнча, шектүү мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын атуусунун себеби иликтенип жаткандыгы белгиленди.  

Сүрөт: EPA

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты