Трампка кол салуу: Байден билдирүү жасап, бир катар тапшырмаларды берди

АКШнын президенти Жо Байден республикачы талапкер Дональд Трампка болгон кол салуу боюнча билдирүү жасады.

Байдендин айтымында, администрация тиешелүү коопсуздук органдарынан акыркы маалыматтарды алып, Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) тергөө иштерин баштады.

«Азырынча кол салуунун себептери боюнча кеңири маалыматтар жок. Ошондуктан алдын ала жыйынтык чыгарбай турууга чакырам. ФБР өз ишин улантсын» деди президент.

Байден экс-президентке жасалган кол салууга байланыштуу тиешелүү органдарга бир катар тапшырмаларды берди:

  • экс-президент жана талапкер катары Трампка күчөтүлгөн күзөт берилет;
  • Республикалык партиянын 15-июлда баштала турган курултайында бардык коопсуздук чаралары күчөтүлөт;
  • АКШнын Улуттук коопсуздук министрлиги кол салуу боюнча көз карандысыз сереп жүргүзөт.

Байден өз сөзүндө ошондой эле өлкөнү биримдикке үндөдү.

«Биз саясатыбыздагы градусту төмөндөтүшүбүз керек болууда. Мындай зомбулук норма болуп калышына жол бербөө зарыл. Биздин өлкөдө саясий риториканын курчушу өтө жогорулап кеткен. Аны төмөндөтүүгө мезгил келди. Муну ишке ашыруу – баарыбыздын жоопкерчилигибиз. Саясат согуш талаасына айланбашы керек, кандай гана пикир келишпестик болбосун, баары добуш берүү жолу менен чечилиши зарыл» деди президент.

13-июлда Трамп Пенсильвания штатынын Батлер шаарында шайлоочулары менен жолугушуу өткөрүп, трибунада сүйлөп жаткан учурда атылган ок анын оң кулагын чийип кетип, жараат алган. Абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалган. Полиция бул окуяны кол салуу аракети деп иликтеп жатканын билдирген. Ок чыгарган киши 20 жаштагы жергиликтүү тургун Томас Мэтью Крукс экенин, ал иш-чара өтүп жаткан жерден анча алыс эмес жайгашкан имараттардын биринин чатырынан атканын, өзү ошол жерден жок кылынганын ФБР кабарлаган.

Окуя республикачылар быйыл күзүндөгү президенттик шайлоого өз талапкерин расмий түрдө көрсөтө турган съездге саналуу күндөр калган учурда болду. Съезд 18-июлда Висконсин штатынын Милуоки шаарында жыйынтыкталат.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты