Трамп Илон Маскка жаңы түзүлгөн Департаментке жетекчи болууну сунуштады

  • 2 года мурун

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональ Трамп Илон Маскка жаңы түзүлгөн Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу департаментине жетекчилик кылууну сунуштады. Бул тууралуу Associated Press (AP) Трампка шилтеме жасап, жазды.

Маалыматта айтылгандай, бул түзүлгөн департментти жетектөөнү бир гана Илон Маскка эмес, мурда Республикалык партиядан президенттикке талапкер болгон Вивек Рамасвамиге да сунуш кылган.

Дональд Трамп өзүнүн билдирүүсүндө Маск менен Рамасвами өкмөттөн тышкары иштээрин, Ак үйгө сунуштарын жана кеңештерин айтып турарын, ошондой эле Бюджетти башкаруу башкармалыгы менен иштешип, масштабдуу реформаларды жасаарын айткан.

Бул жаңы департамент мамлекеттик эмес мекеме экендиги айтылды. Ал кантип иштээри да ачык эмес. AP Маск менен Рамасвами башкара турган жаңы департамент федералдык эмес болгондуктан, федералдык кызматкерлер милдеттүү болгон эрежелерден, анын ичинде активдерин жана байланыштарын ачыктаган эрежелерден көз каранды болбой турганы айтылды.

Ал эми BBCнин орус кызматы: «Маск менен Рамасвами бул ишти 2026-жылдын июлуна чейин жүргүзөрү белгилүү болду. Андан кийин аларга берилген бийликтин мөөнөтү бүтөбү же бүтпөйбү, белгисиз»,- деп жазды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты