Товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшерүүчү тиркеме ишке кирди

  • 2 года мурун

Кыргызстанда кардарларга товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын өз алдынча текшерүү мүмкүнчүлүгүн берген «Текшер» мобилдик тиркемеси ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Бул тиркеме Салык кызматы жана «Альфа Телеком» ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан. Тиркеме элдик контролду жүргүзүүгө, сапатсыз товарларды өндүрүү жана сатуу менен күрөшүүгө багытталган.

Товарды текшерүү үчүн «Текшер» тиркемесин жүктөп алып, товардын таңгагында жайгашкан маркалоо кодун сканерлөө керек. Эгерде кандайдыр бир бузуулар же сапатсыз товарлар аныкталса, даттанууну түздөн-түз ушул тиркеме аркылуу берүүгө болот. Салык органдарынын кызматкерлери тийиштүү контролдук иш-чараларды өткөрүшөт. Ошол эле учурда даттанууну берген жарандар алардын кайрылуусу кайсы баскычта экендигин байкап, контролдук иш-чаралардын жыйынтыктары менен тааныша алышат.

«Текшер» тиркемеси аркылуу маркалоо кодун сканерлөө менен продукция жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде товардын толук аталышын, аны өндүрүүчү жөнүндө маалыматты, товардык белгини/брендди, товар чыгарылган өлкөнү, товардын шайкештигин ырастоочу документтин түрүн ж. б. алууга болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты