Торкен-Толук унаа жолу бир тараптуу ачылды

  • 1 год мурун

Торкен-Толук унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Толук айыл өкмөтүндө көп күндөн бери кар жаап, кардын калындыгы айрым жерлерде 1-2 метрге чейин жетип, Торкент-Толук унаа жолу аркылуу каттам токтогон.
Жалпы жолдун узундугу 110 чакырым, анын ичинен 30 чакырымында жол ачык. Ошондой эле 18-февраль күнү таңкы саат болжол менен саат 04:30 чамасында унаа жолдун 68-чакырымында 2 тилкеде (1 тилкеде 10800м3, 2 тилкеде 12600м3) кар көчкүлөрү түшкөн.

19-февраль күнү Торкен-Толук унаа жолу тазалоо иштеринин натыйжасында саат 13:00дө бир тараптуу ачылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты