Топтомо ипотеканы ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берилет
- 7 часов мурун
Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 “Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.
Бул жарлык менен президенттин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 жарлыгы менен бекитилген “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Ал “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому менен “Элдик Банк” ачык акционердик коомунун “Топтомо ипотека” продуктусун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Турак жайды каржылоо багыттары боюнча ипотекалык кредиттин суммасы:
– “Социалдык ипотека” 4 миллион сомго чейин;
– “Жеңилдетилген ипотека” 4 миллион сомго чейин;
– “Арзан ипотека” 5 миллион сомго чейин.
Берүү шарттары:
— кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынан 30% 6 айга банкка депозитке салынат;
— турак жай наркынан 20% – жылдык 10% менен 5 жылга банктык насыя;
— артыкчылыктары – күрөөнүн жоктугу;
— калган 50%ы – жылдык 8% менен 15 жылга ипотека.
“Менин үйүм” турак жай программасындагы “Турак жайды үлүштүк куруу” механизми боюнча продукт катышуучуларга турак жайды жеңилдетилген шартта, минималдуу баштапкы чыгымдар жана мамлекеттин колдоосу менен сатып алууга мүмкүндүк берүү менен калктын кеңири катмары үчүн аны жеткиликтүү кылат.
Сүрөт: president.kg