Топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

  • 2 года мурун

2022-жылдын 10-октябрынан 15-октябрына чейин Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын калган тилкелерде өтүшү боюнча пикир алмашып, Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улантууну макулдашты.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты