Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн
- 1 год мурун
Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-майдан 24-майга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында Чон-Ашуу ашуусу, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Муну бөлүшүү