Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

  • 6 месяцев мурун

29-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна , 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайына, Ала-Бел ашуусуна, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайку унаа жолунун;
  • 55-115-чакырымдарындагы Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна;
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарына, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарына кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.
    «Бул күндөрү жогорудагы жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты