Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

  • 6 месяцев мурун

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Билдирүүгө ылайык, 31-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:

-Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),

-Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),

-Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,

-Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),

-Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында,

-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

-Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты