Тоодон буту сынган жаран куткарылды

  • 4 недели мурун

Чүй облусунун Москва районуна караштуу жайлоолордун бириндеги Широкий коктусунда 1960-жылы туулган Ж.У. аттуу жаран тоодон түшүп келе жатып кырсыктап, бутун сындырып алган.

Кырсык тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына түшкөн. Жардамга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучулары даярдоочу мамлекеттик борбордон  5 куткаруучу жөнөтүлгөн.

Куткаруучулар жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, аны тоодон түшүрүп, андан соң ооруканага жеткиришкен.

Учурда жабырлануучунун абалы орточо экени маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты