«Тоо койнунда илбирс менен аркарды коруган корукчу» Егерь Өмүрбек Курманалиевдин бир күндүк жашоосу (Фоторепортаж)

«Тоо койнунда илбирс менен аркарды коруган корукчу» Егерь Өмүрбек Курманалиевдин бир күндүк жашоосу (Фоторепортаж)
Фотодолбоор: «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы»
Көпчүлүгү Кыргызстанда «егерь» же «корукчу» деген кесип бар экенин биле бербейт. Тоо койнунда жаратылыш менен эриш-аркак жашап, кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоп келе жаткан егерлер Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери бийликтин назарына илинбесе да, өз кесибин сүйүп иштеп келишет. Биз бул жолу «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы аттуу» фотодолбоордо Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругундагы егерь Өмүрбек Курманалиевдин бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз.
«Интернетсиз айылдын тургундары»
Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунун аймагында жайгашкан Үч-Кошкон айылы таңга жуук жандана баштайт. Илгертен бери малчылар байырлаган бул кичинекей айылда азыр 50дөн ашык түтүн жашап келет.
Какшаал тоосунун боорунда жайгашкан бул айыл, 1916-жылдагы үркүндө Кытайга агылган кыргыздарга да күбө болгон. Ал эми азыр айыл, кулак-мурун кескендей тынч. Бул тынчтыкты мектепке шашкан окуучулар жана бирин-серин өткөн автоунаалардын зуулдаганы гана бузбаса, тоо койнунда жөн эле мемиреп жаткансыйт.

Үч-Кошкон айылынын Кыргызстандагы башка жерлерден айырмасы, интернеттин жоктугу жана Сарыташ-Ээрчат мамлекеттик коругунда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргогон «егерлердин» же «корукчулардын» иштегени.
«Егердин иш күнү»
«Егерь» — немис тилинен которгондо «аңчы» деп которулат. СССР убагында болсо, коруктагы фауна жана флораны коргогон корукчуну «егерь» деп аташкан. Сарыташ-Ээрчат коругу түзүлгөн 1995-жылдан баштап, бул жерде да егерлер иштеп келишет. Алардын бири Өмүрбек Курманалиев.

Өмүрбек Курманалиев таңга жуук туруп, жумушуна жөнөйт.
Ал, бир айда 4-5 жолу талаага чыгып, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө көз салат.

Өмүрбек Курманалиевдин егерь болуп иштегенине быйыл 19 жыл болду. Бул убакыт аралыгында ал, тоо койнунда жашап, кызыл китепке кирген бир топ жаныбар жана өсүмдүктөрдү көрүп, диплому жок «биологго» айланган десе да болот.
«Жаныбарлар менен адамдар гармонияда жашаган жер»
Эшик суук. Эски дүрбүсүн алып, Өмүрбек Курманалиев көк тиреген тоолорго жана ак кар баскан талааларга жөнөйт.
Азыркы учурда корукта жалпы 14 егерь иштейт. Алардын тогузу Үч-Кошкон айылынын тургундары. Өмүрбек Курманалиевдин уулу да ушул жерде егерь болуп иштейт.

Кызыгы, егерлер дээрлик бардык учурда шерик болуп гана талааларга чыгышат. Өмүрбек Курманалиевдин айтымында, жалгыз жүргөндө карышкыр сыяктуу жапайы жаныбарлар кол салышы мүмкүн.

«Ар чыкканда 5-6 күн талаада жүрөбүз. Ошол жерлерде түнөп, чатыр тигип, от жагып жылынабыз. Көпчүлүгү карышкыр адамга кол салбайт деп ойлошот. Бирок кээде «кутурма» ооруусу менен ооруп калгандары кол салышы мүмкүн. Ошондуктан топ болуп жүрүшүбүз керек.»,- дейт Өмүрбек Курманалиев.
Деңиз деңгээлинен 4200 метр бийиктиктеги жер. Айлананы тоолор жана зыяндуу кошулмалары жок таза аба курчап турат. Теребелде аркар-кулжалар оттоп, адам менен жаныбардын гармонияда жашап жаткан дүйнөдөгү аз жердин бири экени билинет.
Куралданбаган көз менен көрүү оңой болбосо да, кызыл китепке кирген көптөгөн жаныбарды бул аймактан кезиктирүүгө болот.

Жаныбарлар адамды алыстан көргөндө эле, бир коркунуч келе жаткандай жаа бою качышат. Тилекке каршы, көптөгөн чектөөлөргө карабай азыркы убакка чейин бул жаныбарларга аңчылык кылгандар бар.
«Менин кудам КГБда иштейт!» деп коркуткандар болот»
Егерлер коруктагы курт-кумурскадан баштап илбирс сыяктуу баалуу жаныбарларга чейин көзөмөлдөшөт. Өмүрбек Курманалиевдин айтымында, кээде браконьерлер кийиктерди атып түшүп, алып өтүүгө аракет кылышат.
«Бул жерде мыйзамсыз аңчылык жасагандарды да кармайбыз. Мүйүз, ар кандай дары чөптөрдү ошондой эле кийик аткандар болот. Чынында коркунучтуу. Анткени мас болгондор, «менин байкем СНБ, менин кудам КГБ» дегендер келет. Алар менен алышып, кармап алсак милицияга беребиз.»-деп түшүндүрдү егерь.

Азыркы учурда кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга же чөптөрдү мыйзамсыз чогулткандарга 1 миллион сом айып, ал эми илбирс аткандарга 1,5 миллион сом айып пул чегерилет. Мындан сырткары, күнөөсүнө жараша башка кылмыш иштери да ачылат.
«Жаныбарларды зоопаркка камоо, адамды түрмөгө салуу сыяктуу…»
Өмүрбек Курманалиев оор басырыктуу адам. Алыста жүргөн жаныбарларды көрсөтүп «карасаңар сонун кийиктер бекен?» деп сүйүнүчүн жашырбайт.
Бир заматта айлананы ойлуу тиктеп, «Жаныбарлардын биз сыяктуу эркин жүрүүгө акысы бар»,- дейт.

«Зоопарктагы жаныбарларды көрүп жүрөгүм тилине берет. Жаратылыштын койнунда жашаган жаныбарларды күчкө салып алып барып, ошол жака киргизип коюу туура эмес. Бул адамдарды күнөөсүз жерге түрмөгө отургузуп койгон сыяктуу эле да!..»

Ал убакта иш кызуулайт. Түш оой Өмүрбек Курманалиев шериги Жолдошбек Бектемиров менен айлананы тыкыр карап, жаныбарларга көз салышат.
Андан кийин, фотокапкандарды да орнотушат. Коруктун аянты 149 миң гектар болсо, егерлер күчтөрүнүн жетишинче бардык жерлерди карап чыгууга аракет кылышат.
Ал эми кээ бир учурларда фотокапканга илбирстердин жана кийиктердин укмуштуудай сүрөттөрү түшөт.
Егерлер коруктагы жаныбарлардын санын тактоо жана изилдөө иштери үчүн келген окумуштууларга да зор жардам беришет.
«Бийликтин көңүлү бурулбаган егерлер»
Сарычат-Ээрташ коругунун кире беришинде егерлердин үйү жайгашкан. Негизи, талап боюнча бул жерде сөзсүз бир егерь түнөп, айлананы көзөмөлдөп турушу керек. Бирок, бул жер жашоого таптакыр жараксыз экени алыстан эле билинет.
1970-жылдары чабандар үчүн курулган үй, корук уюшулганда егерлерге берилген. Бирок үйдүн ичинде, электр жарыгы жана жашоого эч кандай шарты жок.
Бөлмөдө айлананы жарык кыла турган лампочка илинип турган менен, акыркы жолу качан жарык күйгөнү эч кимдин эсинде жок.
Сөөк какшаткан суукта егерлер мешке от жагып жылынышат.
Бөлмөдө керебет, ал эми меш бар бөлмөдө килем дагы жок. Биринчи жолу бул жакка кирген адамга «Бул жакка карышкыр келсе, оңой эле үйгө кирип кетет го…» деген ой аргасыз келет. Анткени, катуу чүчкүрсөң кулап кетчүдөй болгон бул үйдүн арткы терезелери да ачык.
Өмүрбек Курманалиев, үйдүн шарты жок болгондуктан көп егерлер бул жакта жашабай, үйүнө барып келип иштей турганын айтат:

«Башчылар, бул жерге бирөө турсун деп талап кылышат. Элестетсеңер мен кантип бирөөгө ушул жерге келип жаша деп айтам? Жогору жактагыларга айтсак «жашаганга болот» деп кайра жөнөтүшөт. Айлыгыбыздын аздыгынан дагы мамлекет тарабынан биз жашап өз милдетибизди аткара турган жерге таптакыр көңүл бурулбаганы жанды кейитет…»
Бул жерде өзгөчө кыш мезгилинде калуу таптакыр мүмкүн болбогондуктан Өмүрбек Курманалиев шериги менен түн ката үйүнө жол тартат.
«15 жыл бою 3 миң сом айлыкка иштедим»
Кыргызстандагы башка кесиптердей эле егерлердин айлыгы да көңүл жылытпайт. Өмүрбек Курманалиев азыр 9 миң сом айлык алса, калгандары 7 миң сомдон алышат.

«Мен 3 миң айлыкка 15жыл иштедим. Автоунаа менен бара турган жерлердеги бензинди да өз чөнтөгүбүздөн куябыз да. Ошого үй-бүлөнү бакканга аябай эле аз калып калат. Азыр 19 жылдык тажрыйбамды алганда мен 9 миң, жашыраак егерлер 7 миң сом айлык алышат. Бийик тоолуу, кооптуу аймакта иштегени үчүн деп акча бөлүнөт. Ал каякка кетет биз билбейбиз…»

Өмүрбек Курманалиевдин Кыргызстандын келечегинен үмүтү чоң. Жалгыз өкүнгөнү, ушундай кооз жаратылышы бар мамлекеттин бийлигиндегилер алардын ишине кайдыгер карагандары.

Анын айтымында, калк бейөкмөт уюмдарды (НПО) жаман көргөнү менен коруктун сакталып калышына бийликтегилерден да бейөкмөт уюмдардын жардамы чоң дейт:

«Чынында мамлекет бизге көп көңүл бурбайт. Жада калса форма жана чатырлардан бери бейөкмөт уюмдар алып берип келе жатышат. Эл жаман көргөнү менен алар илбирстерди сактоого, биздин коруктун өнүгүшүнө такай эле жардам берип келе жатышат.»

Бул убакта егерлердин иши бүтүп, үйлөрүнө келип калган учур. Ак-Шыйрак айыл аймагындагы Үч-кошкон айылында караңгы кирип, көчө жымжырт. Бирин-серин гана иттердин үргөнү болбосо, дүйнөдөн обочолонгон бул айыл түн жамынат. Ал эми жылдыздар кол сунсаң жеткидей аралыкта тургансып, көптөн бери шаардын ызы-чуусуна кулагы тунгандарга башкача сезим калтырат.
Ал убакта егерь Өмүрбек Курманалиев үй-бүлөсү менен отуруп чай ичет.
Узун иш күнүнүн соңунда, ал үй-бүлөсү менен ар кандай кептерден сөз кылып шаңдуу отурат. Интернет жана телефон тартпагандыктан Курманалиевдердин үй-бүлөсүнүн жана бул айылдагылардын жалгыз эрмеги телевизор.
«Тоо койнун аралап айылга жол»
Өмүрбек Курманалиев үч баланын атасы. Биринчи уулу өзү менен кошо иштесе, экинчи уулу Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жашайт. Өмүрбек Курманалиев жубайы экөө кээде иши чыкканда же керектүү нерселерди алуу үчүн бул жакка келишет.
Үч-Кошкон айылынан, Кызыл- Сууга чейин 6 саат жол жүрүү керек.
Кызыгы, бул жолдордо жөнөкөй автоунаа такыр жүрө албайт. Ошондуктан Ак-Шыйрак айыл аймагында жашагандар эски да болсо жол тандабас алууга ашыгышат. Себеби бул, айыл менен байланышуунун бирден бир жолу.
Учу кыйырсыз талаа жана ак кар баскан жолду жүрүү таптакыр оңой эмес. Өмүрбек Курманалиев айылга баратканда 90-жылдарга таандык хит ырларды угуп, ээрип бараткан мөңгүлөрдү карап кейий берет:

«Бул тоолорду мен жатка билем. Мындан 10-15 жыл мурда көгөргөн муз болсо, азыр карайып калды.»
«Бирок бул бийликтин эле күнөөсү эмес. Азыр көбү экологияга кайдыгер карашат. Өткөндө бир келинди көрдүм. Желим бөтөлкөнү көчөгө эле ыргытып жиберди. «Жаш эле келин экенсиң, жаратылыш деген биздин үйүбүз да. Ушул бөтөлкөнү таштандыга эле салбайсыңбы» десем, «Үйүңүз болсо өзүңүз жыйнап алыңыз» деп күңк этти. Мына азыр көрүп жатасыңар, мөңгүлөр ээрип, канча жыл мөңгүдө жаткан вирустар кайра козголуп жатат. Ал үчүн ар ким өзүн оңдош керек экен.»

Өмүрбек Курманалиевди эко-активист деп атаса болот. Анткени, ал дайыма «экологияны кантип сактап калабыз?» деген ойду ойлонуп, жаратылыш үчүн жаны кайышып келет. Ошондуктан Кызыл-Сууга келээри менен кайра эле жумушуна жана тоо койнундагы айылына кетүүгө шашат.
Өмүрбек Курманалиевдин кубанычы аз айлыкка жана бийликтин кош көңүлдүгүнө карабай тоо койнунда жаныбарларды коргоп жатканы.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты