Токтогулда адам өлтүрүүгө шектелип 62 жаштагы адам кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда адам өлтүрүүгө шектелип 62 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 23-октябрда Кара-Көл шаардык милициясына 37 жаштагы тургун кайрылып, 19-октябрда анын 48 жаштагы жолдошу өзүнүн эки таанышы менен бирге Токтогул районундагы 8-Кашар жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз экендигин айтып, аны табууну сураган.

Мындан улам Токтогул райондук милициясы издөө иштерин жүргүзгөн. 23-октябрда жогоруда айтылган жаранды издөө учурунда Токтогул районунун Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги дарактын бутактарына илинип калган абалда 45-50 жаш курактар чамасында жансыз дене табылган. Ал жансыз дене киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Ошол эле күнү бул иш Токтогул милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 62 жаштагы Кара-Көл шаарынын тургуну Г.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын мурда соттолгону белгилүү болгон.

Кармалган шектүү жасаган кылмыш ишин мойнуна алган. «Ал каза болгон жаран экөө өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетип, аны балта менен башына чаап өлтүрүп алып, сууга ыргытып жиберген жана окуя болгон жерден изин жашырып кеткендиги маалым болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Жалал-Абад облустук ИИБ

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты