Токтогулда 24 жаштагы келиндин сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 24 жаштагы келин асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январь күнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында Токтогул райондук милициясына 24 жаштагы А.Б. аттуу келин өзү жашаган үйүндө асынып алган абалда табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

“Териштирүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон келинди жолдошу көрүп, кабарлаган. Ал 10-январь күнү саат 00:00дөр чамасында үйүнө келип, келинчеги жок болгондуктан, аны издеп чыккан. Келин өздөрү жашаган үйдүн сарайында асынып турган жеринен табылган.

«Жолдошунун айтымында, экөөнүн ортосунда буга чейин уруш-талаш болгон эмес жана экөө жакшы мамиледе болушкан”, — деп айтылат маалыматта.

Каза болгон келиндин атасы жана жакын туугандары маркумду соттук медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан.

Учурда текшерүү иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты