“Токтогул суу сактагычында авария, эми свет өчүрүү башталат” деген маалыматты текшеребиз

10-ноябрь күнү социалдык тармактардын колдонуучулары Кыргызстандын бир топ аймактары электр энергиясыз калганын жазып чыгышкан. 

“Токтогул суу сактагычында авария, эми свет өчүрүү башталат” деген маалыматты текшеребиз

Бөрүбек (@Borubek) аттуу Твиттер колдонуучусу веердик өчүрүүлөр Токтогул суу сактагычында болгон аварияга байланыштуу болуп жатканын билдирген. 

“Токтогул суу сактагычында авария, эми свет өчүрүү башталат” деген маалыматты текшеребиз

“Север Электро” (СЭ) ишканасында иштеген тааныш кызматкерлер кечээ Токтогул суу сактагычында авария болгонун айтышты. Калыбына келтирилди окшойт, бирок Улуттук энергохолдинг эч кандай кырсык болгон жок деп ишендирүүдө.

Ошол эле маалда Бишкектин конуштарында жана шаар четинде электр жарыгын өчүрүүлөр башталды. Бир-эки саатка өчүрүп жатышат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Whatsapp мессенджерлери аркылуу веердик өчүрүүлөрдүн убактысы тууралуу маалыматтар дагы таратылып жатат. 

“Токтогул суу сактагычында авария, эми свет өчүрүү башталат” деген маалыматты текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Веердик өчүрүүлөрдүн эки башка себеби

Улуттук Энергохолдинг компаниясы 9-ноябрь күнү энергетика тармагындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун бир канча аймактарында жарык берилбей турганын билдирген. 

“Токтогул суу сактагычында авария, эми свет өчүрүү башталат” деген маалыматты текшеребиз

Ал эми 10-ноябрь күнү Улуттук Энергохолдинг компаниясы электр энергиясындагы өчүрүүлөрдүн негизги себеби, энергиянын керектөө көлөмү кескин көбөйгөндүктөн атайын өчүрүүлөр менен байланыштуу болгонун билдиришкен. 

“Бүгүн Республиканын энергетика тармагында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүктөр байкалды. Абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн бир кыйла өскөндүгү байкалды. Электр жабдыктарындагы жүктөмдүн жогорулашына байланыштуу жабдууларды мүмкүн болгон авариядан сактап калуу максатында автоматтык өчүрүүлөр болгон”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан сырткары, азыркы учурда энергетика системасында абал турукташканы да айтылат. 

Улуттук Энергохолдинг мекемеси “ПолитКлиника” медиасына билдиргендей, интернет тармагында Токтогул суу сактагычында авариялык кырдаал болгону тууралуу билдирүү чындыкка дал келбейт.

“Энергетика тармагында болуп жаткан үзгүлтүктөр тууралуу расмий билдирүү тараттык. Ал эми Токтогул суу сактагычында авария болду деген маалымат чын эмес”, — деп билдиришти. 

Ал эми 10-ноябрь күнү «Электр станциялары» ААКтын жетекчиси Айбек Айдаралиев “Кабар” агенттигине берген маалымат жыйынында, Токтогул суу сактагычындагы агрегаттарды реконструкциялоого байланыштуу үзгүлтүк болгонун билдирген. 

“Азыркы учурда энергетика тармагында иштер толук кандуу аткарылып жатат. Бир гана Токтогул ГЭСинде агрегаттарды реконструкциялоо иштерине байланыштуу электр тармагында үзгүлтүккө учуроолор болду. Азыркы Токтогул ГЭСиндеги экинчи агрегаттын реконструкциясы бүтүп, ишке киришип жатат. Бул убактылуу гана өчүрүүлөр, элдерди түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз”, — деп билдирди Айбек Айдаралиев. 

Токтогул суу сактагычында авария болуп же болбогонун расмий билдирүүсүз тактоо мүмкүн болгон жок. Анткени суу сактагычта  орнотулган камера сыртты тартууга багытталган.

“Токтогул суу сактагычында авария, эми свет өчүрүү башталат” деген маалыматты текшеребиз

Энергетика тармагындагы көйгөйлөр 

2020-жылы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын президенти болуп турганда өлкөдө энергетика тармагында көйгөй жараларын айткан. Ал кезде Токтогул суу сактагычында 2 миллиард 400 миллион метр куб суу жетишсиз болуп турган. 

2020-жылы Кыргызстан Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Казакстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон. 

2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, веердик өчүрүүлөр болбой турганы жана Кыргызстан энергетика тармагындагы кризиске даяр экени айтылган. Бирок көп өтпөй суук түшкөндө, жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон.  Алгач электр тутумуна болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган.

Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

Ал эми өлкө президенти Садыр Жапаров 2021-жылы “өлкөнүн энергетика системасын кризиске алып келген” ал эмес экенин белгилеп: “Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетика системасын кризистен чыгарабыз» деп убада берген.

Жапаров белгилегендей, акыркы он жылда өлкөдө бир дагы ГЭС курулган эмес.

Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, энергетика тармагындагы көйгөйдү чечүү үчүн коңшу мамлекеттер менен бир канча келишимге кол коюлган. 

Алсак, 2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турууга милдеттендирилген. 

Мындан сырткары, 2021-жылдын августунда Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август-декабрь айларынын аралыгында Түркмөнстан Кыргызстанга 500 млн кв/сааттан ашык электр энергиясын берет.

Бирок эксперттер Кыргызстандагы энергетикалык жагдай боюнча коркунучтуу коңгуроолорду кагып келишет. 

Жыйынтык: Расмий булактар билдиргендей Токтогул суу сактагычында авария болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты