Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кармалды

  • 2 года мурун

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборундагы коррупциялык схеманын бети ачылып, анын натыйжасында мамлекетке 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени ачыкталды.


Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы Ж.А.
кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке пайда көрүү
максатында подрядчы тарабынан келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткарбаган иш
актыларына кол койгон. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу
кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты