Токтогул районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

  • 5 месяцев мурун

Токтогул районунда жол жээгинде бараткан адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-январда Бишкек–Ош унаа жолунда 60 жаштардагы жаранды белгисиз автоунаа сүзүп, ал окуя болгон жерде каза болгон. Айдоочу изин жашырып качып кеткен. Кийинчерээк жол коопсуздук кызматкерлери шектүүнү Төө-Ашууда, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан жеринен кармашкан. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты