Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 11 млрд 588 млн куб метрге жетти

  • 2 года мурун

20-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 588 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул тапта суунун агып келиши секундасына 996 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 357 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында суу кескин азайып, ГЭСтеги суунун көлөмү 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты