Токмоктун мурдагы мэри үй камагына чыгып, иши кайра карала турган болду

  • 3 месяца мурун

Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча мурдагы адиске (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысына (К.Т.Э.) чыккан райондук соттун өкүмү жокко чыгарылды. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү.

Чечимди Бишкек шаардык соту 10-мартта чыгарды. Жогоруда айтылгандар үй камагына чыгарылды.Буга чейин райондук Токмоктун мурдагы мэрин 13 жылга кескен.

Ал былтыр 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты