Токмоктогу жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 жаран жабыркады

  • 2 года мурун

Токмоктогу жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 жаран жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында  Toyota Ipsum жана Hyundai Porter унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган Т.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам жабыркады. Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып ИИМ кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Токмок шаардык ооруканага жеткирилди. Абалдары орто.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты