Токмоктогу «Темирбетон» ААКсы мамлекеттик менчикке кайтарылды

  • 2 года мурун

Токмок шаарындагы «Темирбетон» ААКсы мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Темирбетон» АККнын баасы 5 миллиард 855 миллион сомду түзөт. «Темирбетон» ААКсынын акцияларынын 40 пайызы мамлекетке таандык экендиги аныкталып, бирок, көрсөтүлгөн үлүш «В.П» акцияларынын негизги пакетинин ээсинин жалган жактарына мыйзамсыз берилген жана толугу менен жеке менчикке менчиктештирилген.

«Мамлекеттик мүлк фондунун 1992-жылдын 22-декабрындагы №455 токтому менен «Темирбетон» кооперативдик заводу, сметалык баасы 38 миллион 264 миң рубль болгон ачык акционердик коомго айландырылган.

1993-жылы Мамлекеттик мүлк фондуга электр тармактарын куруу менен алектенген чет өлкөлүк ишканалардын биринен «Темирбетон» ААКнын мамлекеттик үлүшүнөн 28 миллион 698 миң сомдук 15 пайыз үлүштү сатып алуу жөнүндө кайрылуу келип түшкөн, бирок аталган каражаттардын мамлекеттик бюджетке түшүүсү тууралуу документ түрүндө тастыкталган маалыматтар жок.

Мында акциялардын мамлекеттик пакетинин калган 25 пайызын 1992-жылдан азыркы учурга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду контролдогон эмес, башкача айтканда «Темирбетон» ААКдан алынган пайдадан мамлекетке кандайдыр бир пайда түшкөн эмес», — деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында акциялардын пакетинин негизги ээси «В.П.» өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты