Токмоктогу мал базарда карыянын акчасын уурдоого шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарда карыянын акчасын уурдаган деген шек менен 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 39 жаштагы тургуну Г.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү уурдалды делген 120 миң сомду жабырлануучуга өткөрүп берүү үчүн тергөө кызматкерлерине берген.

Белгилей кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмок шаарындагы мал базарда 120 миң сом акчасын уурдатып жиберген карыянын видеосу тараган.

17-октябрда жабырлануучу К.М. милициягы арыз менен кайрылып, Токмоктогу мал базарда белгисиз адамдар жылкы ала турган 120 миң сомун уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин («Алдамчылык») негизинде кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты