Токмоктогу батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды
- 2 года мурун
Токмоктогу батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Куткаруучулар Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдүн 44-батирдин бекилип калган эшигин ачышканда ичинен 1980-жылы туулган М.Р. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар жансыз денени ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берип, туруктуу жайына кайтып келишкен.
Муну бөлүшүү