Токмокто айдоочуну өлтүрүүгө шектүүнүн карындашы президентке кайрылуу жолдоду

  • 2 года мурун
Токмокто айдоочуну өлтүрүүгө шектүүнүн карындашы президентке кайрылуу жолдоду

Токмокто бир-тууганына ыдык көрсөткөн адамды өлтүрүүгө шектелген Сухраб Жумакуловдун карындашы Асель Жумакулова президент Садыр Жапаровко жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду.

Ал кайрылуусунда агасын үй камагына бошотууну суранган.

«Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевден суранам, байкемди үй камагына чыгарып бериңиздерчи. Мага окшоп дагы канчасы кор болуш керек? Мындай ишти токтотолу!», — деп жазды Инстаграм баракчасына.

Чүйдө милиция автожолдо тапанчадан атылган октон адам каза болгон окуянын чоо-жайын териштире баштаганын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 1-июлда билдирип, окуя ошол күнү Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында болгонун, 47 жаштагы эркек киши “Тез жардам” барганча көз жумганын маалымдаган

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, ок чыгарган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде каттоого алынган.

36 жаштагы шектүү Сухраб Жумакулов Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты