Токмокто курал-жарак сакталган жай табылды

  • 1 год мурун

Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2-мартта Чүй облусунун Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан аянттын түндүк-чыгыш тарабында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.

Ал жайда, желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал) — 1 даана, револьвер тапанчасы — 1 даана, Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ) — 1 даана, ПМдин магазини — 1 даана табылган, ПМдин травматикалык патрондору — 7 даана (9мм), аңчылык патрондору — 10 даана (16 калибр) жана 5,45 калибрдеги — 88 даана патрондор табылган.

Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылышынын боюнча Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан материалдар маалыматты каттоо журналына катталды.

Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты