Токмокто кудук казып жаткан жеринен үч адам каза болуп, экөө жабыркады

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Токмок шаарында кудук казып жаткан үч адам каза болуп, дагы экөө оор абалда ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМден билдиришкендей, Жантаев көчөсүндөгү курулуш материалдарын саткан короонун ичинде кудук казып жаткан бир адам аба жетпей кулап калган. Аны алып чыгам деп экинчиси кудукка кирип, ага дагы аба жетпей калган. Аларды куткарууга аракет кылган дагы бир жаран каза болуп, экөө жабыркаган.

Окуя болгон жерге Токмок шаарындагы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматы чакыртылып, жабыркаган жана каза болгондорду кудуктан чыгарышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы туулган Х.Т., 1982-жылы туулган Х.М., 1987-жылкы Х.К. каза болуп, 1989-жылы туулган Х.Н., 1999-жылы туулган Х.С. жабыркаган.

Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Маалыматка ылайык, кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метрди болгон. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизель майынын жыты пайда болгон. Себеби, жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты