Токмокто адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

  • 9 месяцев мурун

Токмокто адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-октябрда Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан дүкөндүн артында күч колдонуу менен каза болгон 1981-жылы туулган Ш.Б.нын жансыз денеси табылган. Аталган факты ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү жаранды кармашты. Ал Токмок шаарынын 1966-жылы туулган тургуну У.А.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты