Токаев кирешесинен чыгашасы көп аткаминерлерди иштен алуу тууралуу мыйзамга кол койду

  • 2 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кирешесинен чыгашасы кыйла көп болгон мамлекеттик кызматкерлер үчүн жоопкерчиликти жогорулаткан өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу 3-январда өлкөнүн расмий басылмалары кабарлады.

Мыйзамдын нормалары 2027-жылдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, эгер кызмат адамынын декларациясында көрсөтүлгөн кирешесинен чыгашасы миң айлык эсептик көрсөткүчтөн (1-янврадан тарта бир айлык көрсөткүч 3450 теңгеге барабар болуп калды) ашса, ага ал сумманын 90% өлчөмүндө айып пул салынат. Мындан тышкары мыйзамда эгер декларация боюнча айырмачылык кызмат адамынын бир жылдык кирешесинен миң айлык эсептик көрсөткүчтү алгандан кийинки көрсөткүчтөн ашса, аны кызматтан алуу жана үч жыл мамлекеттик мекемелерде иштөөсүнө тыюу салуу жазасы каралган.

Жергиликтүү басылмалар Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына шилтеме кылып, казакстандык аткаминерлердин кирешелери менен чыгашалары тууралуу маалыматтарды салыштыруу иши 2026-жылы башталарын кабарлашкан.

Казакстанда 2021-жылдын 1-январынан тарта бардык аткаминерлер менен алардын жубайлары кирешелери жана мүлктөрү боюнча декларация тапшырууга милдеттендирилген. Бийлик 2025-жылдан тарта бардык жарандар үчүн декларация тапшырууну милдеттүү кылууну пландап жатат.

Токаев былтыр Январь окуяларынан кийин бийлик өлкөдөгү жемкорлукка каршы «аёосуз күрөштү» кепилдей турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты