«Тойбосс» жылдын мыкты компаниясы деп табылды
- 10 месяцев мурун
20-сентябрь Кыргызстанда ишкерлердин күнү. Буга карата Экономика жана коммерция министрлиги «Тойбосс» компаниясын 2025-жылдын мыкты компаниясы деп тапты.
Ишкерлер менен жолугушуу 19-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда өттү.
«Тойбосс» мындай наамды эл аралык соода жана экономикалык ишмердикти өнүктүрүүгө, улуттук азыктарды жана кызматтарды сыртка жайылтууда кошкон салымы үчүн алды.
Компаниянын азыктары КМШ өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Бардык продукциялары эл аралык стандарттарга ылайык чыгарылат.
Ишкана суткасына 60 тонна продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Муну бөлүшүү




