Той-топур үчүн насыя алууга тыюу салуу сунушталды

  • 5 месяцев мурун

Министрлер кабинети үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын тартипке келтирүү боюнча токтом долбоорун сунуштады.

Документке ылайык, той-топур адамдардын чама-чаркына жараша өткөрүлүп, ал үчүн насыя же карыз алууга тыюу салынат. Үйлөнүү тоюна 200дөн ашпаган, ал эми чоң тойго 350дөн көп эмес адам чакыруу каралган. Тойдо бир гана бодо мал союлушу керек. 

Мындан тышкары, ашыкча кортеждерге, фейерверктерге, шоу-программаларга жана айрым салттык ысырапкерчиликтерге чектөө киргизүү сунушталды.

Өкмөт бул чаралар ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана улуттук салттарды сарамжалдуу жүргүзүү максатын көздөй турганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты