Тогуз коргоол боюнча Ч.Айтматовдун 95-жылдык мааракесине арналган эл аралык мелдеш өттү

  • 8 месяцев мурун

25-30-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда тогуз коргоол боюнча Ч.Айтматовдун 95-жылдык мааракесине арналган тогуз коргоол боюнча Эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Казакстандан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:
1-орун Рахат Айтбаев (Алматы шаары);
2-орун Ринат Керейбаев (Павлодар);
3-орун Арыстан Манарбек уулу (Казакстан);
4-орун Кубан Сазаев (Бишкек шаары);
5-орун Елдар Дакен (Алматы шаары);
6-орун Жанат Каймульдин (Павлодар);
7-орун Сырттан Сыргак уулу (Бишкек шаары);
8-орун Аманбек Ондирбаев (Ак тобе);
9-орун Саят Жандарбек (Туркистан).

Кыз-келиндер арасында:
1-орун Акбота Намаз (Түркистан);
2-орун Жамиля Баилдяшева (Казакстан);
3-орун Аяна Исахан (Казакстан);
4-орун Айтурган Максатбек кызы (Бишкек шаары);
5-орун Алтынай Шамбетова (Бишкек шаары);
6-орун Розигуль Сайдулла (Казакстан);
7-орун Карагат Жандос кызы (Туркистан);
8-орун Акерке Кудайберген (Туркистан);
9-орун Гүлжамал Сарыкеева (Бишкек шаары).

Белгилей кетсек, Ч.Айтматовдун 95-жылдык мааракесине арналган Эл аралык мелдеш Дене тартия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын тогуз коргоол федерациясы тарабынан уюштурулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты