Тоң районунда тамекинин айынан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Тоң районунда тамекинин айынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Кожобеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам топтун аракети менен түнкү саат 00:56да өрт чектелип, саат 01:06да толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби, ичкилик ичкен адамдар үй ичине тамекисин өчүрбөй таштап кетишкен. Анын кесепетинен жаздык, төшөктөрү өрттөнгөн. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты