Тоң районунда мыйзамсыз берилип кеткен мектеп имараты мамлекетке кайтарылды

  • 10 месяцев мурун

Тоң районунда мыйзамсыз берилип кеткен мектеп имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл областынын Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Кажы-Сай айылындагы 0,60 гектар жер тилкеде жайгашкан мектеп-интернат 2008-жылы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Аталган социалдык обьектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган. Прокурордук актысынын негизинде базар баасы 14 миллион 788 миң сомду сомду түзгөн аталган мектеп-интернаттын имараты, 0,60 гектар жер тилкеси менен муниципалдык менчикке Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты